Орхон-Енисей жазуусу - турк тилинде суйлогон элдердин жазма эстеликтери. Бүткүл түрк элдеринин, алардын ичинде кыргыздардын байыркылыгын, уңгусун, түптүү маданиятын, цивилизациясын далилдеген Орхон-Енисей жазуулары деп аталган, 13-15 кылымдык тарыхтын күбөсү болгон жазма адабий тилибиздин барлыгын азыркы дүйнө тааныган. Ал жазууларда тарыхыбыз таш бетине жазылып, доорлордун түпкүрүнөн бери өчпөй келет

16961722-ж. С. Ремезов, Ф. Страленберг, Д. Мессершмидт деген орус окумуштуулары Енисей д-нын жог. өндүрүнөн тапкан. Мындай жазууларды 1889-ж. Н. М. Ядринцев Орхон дарыясынын боюнан (Монголия) да тапкан. Аларды адеп окугандар В. Томсен (1893) менен орус түркологу В. В. Радлов (1894) болгон. Дарек рун жазуусу менен 7—11-кылымда жазылганы аныкталган.

Орхон-Енисей жазуусунун Лена- Балтика бою, Енисей, Монгол, Ал­тай, Чыгыш Туркстан, Орто Азия жазуусу деген түрлөрү бар. Жанрдык түрүнө жараша мына буларга бөлүнөт; Монголиянын ташка жазылган тарыхый-таржымал тексти; Енисей менен Жети-Суу тексттеринин эпитафиялык лирикасы; Чыгыш Туркстандын укук документтери, магиялык жанa диний текст гери (кагазга жазылган); аска, таш беттериндеги, там-дарак боорундагы керээз жазуулар; тиричилик буюмдарындагы белгилер.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.