Бискай булуңуАтлантика океанында, Франция менен Испаниянын жээгинде. Аянты 200миң км2. Уз.400 км, тереңд.5120 мге чейин. Луара, Гаронна дарыялары куят. Катуу шамал тез тез болуп турат. Суткасына 2жолу ташкындайт (бийиктиги 7 мге чейин көтөрүлөт). Балык (сардина, анчоус) кармалат, устрица промысели иштейт. Башкы порттору: Бордо (Франция), Сан-Себастьян, Бильбао (Испания).

Бискай булуңу.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргызстан улуттук энциклопедиясы.