Атлантика океаны - (байыркы грек мифологиясында асманды желкесине көтөрүп турган титан-алп - Атлантка карата коюлган) - чоңдугу жагынан жер жүзүндөгү (Тынч океандан кийин) 2-океан. Чыгышынан Европа ж-а Африка, батышынан Түндүк ж-а Түштүк Америка, Түштүгүнөн Антарктика м-н чектешет. Аянты деңиздери м-н кошо (аралдарды кошпогондо) 91,6 млн км2, орточо тереңдиги 3600 м, эң терең жери 8742 м (Пуэрто-Рико кобулу), суусунун көлөмү 329,7 млн км3.

Атлантика океаны.

Жээктери түзөтүү

Түндүк жарым шарда жээктери өтө булуң-буйткалуу. Мында Атлантика океанынын бардык деңиздери (Балтика, Түндүк, Жер Ортолук, Кара, Кариб ж. б.) ж-а ири булуңдары (Бискайя, Гвинея ж. б.) жайгашкан. Атлантика океанынын маанилүү өзгөчөлүгү - Жер Ортолук деңиздердин (батышында Мексика булуңу м-н Кариб деңизи, чыгышында Жер-Ортолук деңиз) кургактыкка миңдеген км кирип турушунда. Түштүк жарым шардагы жээктеринде булуң-буйтка (деңиздери: Уэдделл, Скотия, Лазарев) аз.

Аралдары түзөтүү

Негизинен материктен бөлүнүп калган аралдар басымдуу: Британ, Ньюфаундленд, Чоң ж-а Кичи Антил, Канар, Жашыл тумшук, Фолкленд (Мальвин) аралдары. Жанар тоо аралдары (Азор, Тристан-да-Кунья, Ыйык Елена ж. б.) м-н коралл (шуру) аралдары. (Багама ж. б.) чектелүү гана аянтты ээлейт. Аралдарынын жалпы аянты 1070 миң км2.

Океан түбүнүн рельефи түзөтүү

 
Океан түбүнүн рельефи.

Атлантика океанынын жээктерин бойлой кууш тилкени түзүп (Аргентина м-н Түндүк Американын жээгин ондогон км, Түндүк деңиздин жээгинде жүздөгөн кмге чейин) материктик тайыздык (шельф) созулуп жатат. Анын сырткы чети негизинен 100 мден 500 мге чейинки тереңдикте жайгашкан. Материктик капталдары тик, суу астындагы каньондор м-н тилмеленген. Атлантика океанын түндүктөн түштүктү карай жээкке жарыш суу астындагы Атлантика Ортолук кырка тоосу кесип өтөт. Океан бетинен кырка тоонун чокусуна чейинки тереңдик 3000 мдей. Атлантика Ортолук кыркатоонун батыш ж-а чыгыш тараптарында суу астындагы платолор (Бермуда, Риу-Гранди), кырка тоолор (Түштүк Антил ж. б.) ж-а дөңсөөлөр Лабрадор, Түндүк Африка, Гвиана, Бразилия, Кап, Африка-Антарктика ж. б. ири чуңкурдуктарды (орточо тереңдиги 3000 мден 7300 мге чейин) бөлүп турат.

Океан түбүндөгү чөкмөлөр түзөтүү

Терриген чөкмөлөрү (шагыл таштан эң майда чопо же пелит бүртүрчөлөрүнө чейинки) шельф, материктик каптал ж-а материк этегинде таралып, АКШ, Түндүк Бразилия, Аргентина, Антарктиданын жээктерин кеңири тилке түрүндө курчап турат. Атлантика океанында акиташ тектүү органоген чөкмөлөрү (негизинен фораминифер же глобигерин баткактары) көп таралып, Исландиядан (түндүктө) 57-58° түштүк кеңдикке чейин океан түбүнүн 67,5%ин ээлейт. Бардык чуңкурдуктардын таманын кызыл чопо жаап жатат. Кен байлыктары: нефть, газ, темир-марганец конкрециясы ж. б.

Климаты түзөтүү

 

Атлантика океаны бардык климаттык алкактарда - экватордук климаттан субарктикалык (түндүктө) ж-а антарктикалык климатка (түштүктө) чейинки алкактарда жайгашкан. Атлантика океанынын үстүндө атмосфералык басымдын төрт борбору жайгашкан: Исландия ж-а Антарктика минимумдары, Түндүк Атлантика ж-а Түштүк Атлантика максимумдары. Алар башка жактагы атмосфералык басым м-н өз ара аракетке келип, мелүүн алкакта батыштан соккон катуу шамалды, субтропик ж-а тропик алкактарында түндүк-чыгыш ж-а түштүк-чыгыштан соккон шамалдарды (пассатты) пайда кылат. Түштүк жарым шардын мелүүн алкагына өтө катуу шамал, түндүк тропиктик кеңдиктерге вест-индия ураганы деп аталган тропик шамалы мүнөздүү.

Гидрологиялык режими түзөтүү

Атмосфералык циркуляциясынын таасиринен Атлантика океанындагы үстүңкү агымы субтропик ж-а тропик кеңдиктеринде антициклондук, түндүк мелүүн ж-а түштүк жогорку кеңдиктерде циклон айлампаларын пайда кылат. Атлантика океанынын түндүк бөлүгүнүн мүнөздүү белгилери - Гольфстрим деп аталган жылуу агымдар системасы. Түндүк антициклондук айлампанын батыш ж-а түндүк чет жакаларын Гольфстрим ж-а анын уландысы - Түндүк Атлантика агымы, чыгыш четин Канар муздак агымы, түштүк четин Түндүк Пассат жылуу агымы түзөт. Түндүк циклондук айлампа Түндүк Атлантика ж-а Ирмингер жылуу, Лабрадор муздак агымдарынын таасиринен болот. Атлантика океанынын түштүк бөлүгүндө антициклондук айлампа Түштүк Пассат ж-а Бразилия жылуу, Батыш Шамал ж-а Бенгал муздак агымдарынан пайда болот. Океан суусунун бетиндеги температура кышкысын февралда (Атлантика океанынын түштүк бөлүгүндөгү температура августта): 28°Сден (экватордо) 6°Сге (60° түндүк кеңдикте) ж-а -1°Сге (60° түштүк кеңдикте) чейин; жайкысын августта (түштүк бөлүгүндө февралда): 26°Сден (экватордо) 10°Сге (60° түндүк кеңдикте) ж-а 0°Сге (60° түштүк кеңдикте) чейин. Туздуулугу 34,0-37,3%о. Суунун эң тыгыздыгы түндүк-чыгышында ж-а түштүгүндө 1027 кг/м3; экваторго карай суунун тыгыздыгы 1022,5 кг/м3ге чейин азаят. Көбүнчө суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 18 мге чейин, Фанди булуңунда); айрым жеринде 0,5-2,2 м.

Муздары түзөтүү

Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндө муз мелүүн алкактагы ички деңиздерде гана (Балтика, Түн. ж-а Азов, Ыйык Лаврентий булуңу) тоңот. Океандын кургактыктан алыс бөлүгүнө муз ж-а айсбергдер Түндүк Муз океанынан (Гренландия жана Баффин деңиздеринен) келет. Атлантика океанынын түштүк бөлүгүндө муз жана айсберг Антарктиданын жээгинде жана Уэдделл деңизинде пайда болгон.

Өсүмдүктөрү жана жаныбарлары түзөтүү

 
Globicephala melas.

Атлантика океанында өсүмдүк жана жаныбарлардын 200 миң түрү бар. Планктондун кыйла массасын рак сымалдар - амфипод жана эуфаузинддер түзөт. Эуфаузинддердин ичинен криль - муруттуу киттин (Антарктиданын жээктеринде көп кездешет) негизги азыгы. Балыктын 15 миңден ашуун, кит менен калак буттуулардын 100дөй түрү бар. Атлантика океанынын тропиктик бөлүгүнүн өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү ар түрдүү, бирок сан жагынан (бир түрдөгү өсүмдүк жана жаныбарлардын саны) мелүүн жана суук зоналардагыдан аз. Тропик алкагында океан түбүндөгү өсүмдүктөр негизинен жашыл ж-а кызыл балырлардан турат. Тропиктен тышкаркы түндүк бөлүгүндө күрөң балырлар басымдуу, океан түбүнүн жумшак жерлеринде гүлдүү өсүмдүк - зостера өсөт. Тропиктен тышкары түштүк бөлүгүнүн литоралында кызыл, сублиторалында күрөң балырлар басымдуу. Атлантика океанына өтө мүнөздүү жаныбарлар: тропик алкагында - радиолярия, сифонофор, медуза, краб, учуучу балык, акула, деңиз ташбакасы, кашалот; мелүүн ж-а суук алкактарда - калак буттуу рак сымалдар ж-а канат буттуу моллюска, сельдь, треска ж-а камбала балыктары, кит, жаргак буттуулар ж. б. Деңиз канаттуулары сейрек кездешет. Антарктикада фрегат, альбатрос, пингвиндер ж. б.

Деңиз промысели түзөтүү

Дүйнөдө кармалган балыктын 2/5си Атлантика океанына туура келет. Промыселдик мааниси бар балыктын негизги түрлөрү: сельдь, деңиз окуну, мерлуза, тунец, треска. Балык кармалчу негизги аймактары - Түндүк деңиздеги Доггер-банкасы, Ньюфаундленд аралынын жээгиндеги Чоң Ньюфаундленд банкасы. Жалпы балык кармоодо омурткасыздар (устрица, мидия, кальмар) м-н рак сымалдар (омар, краб) да кыйла мааниге ээ. Мексика булуңу м-н Кариб деңизинин, Түндүк деңизи м-н Бискайя булуңунун, Жер -Оортолук деңиздин шельфтеринен нефть, Мексика булуңунан күкүрт, Консепшен булуңунун ж-а Ньюфаундленд аралынын чыгыш жээктеринен темир рудасы (Уобана темир кени дүйнөдөгү эң ири кен), марганец (АКШ, Канада, Финляндия), Бразилия, АКШ жээктеринен илменит, циркон, рутил, Африканын түштүк-батышынан алмаз казылып алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1