Геоантиклиналь - (гео..., анти... жана гр. klino ийилүү) жер кыртышынын геосинклиналь аймактарынын чегинде жекече, узак убакыт бою, акырындык менен көтөрүлүүсүнөн пайда болгон айрым бөлүгү. Анын туурасы ондогон, узуну жүздөгөн кмге чейин жетет. Геоантиклиналь геосинклиналдан тоотек катмарларынын дайыма эле чөгө бербеши, көбүнчө алардын бирдей эмес жайгашуусу, анча калың болбошу, метаморфизмдин начар өнүгүшү жана башка менен айырмаланат. Анын пайда болушу көбүнчө бир нече геологиялык мезгилге созулат. Геосинклиналдын өнүгүшүнүн акыркы стадиясында геоантиклиналь бүктөлмө тоо системаларынын Борбордук бөлүгү (ядросу) болуп калат. Азыркы геоантиклинальдарга Курил аралы, Малайя архипелагы, байыркы геоантиклинальдарга Урал тоолору, Кыргызстанда Фергана тоотизмеги, Нарын кыркатоосу жана Кыргыз Алатоосу кирет.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү