Дворец, сарай («князь короосу»- княздын турак үйү) - монументтүү имарат.

Адегенде Дворецте бийлик башындагылардын резиденциясы, кийин коомдун жогорку төбөлдөрү турган. 13- 15-кылымда мамлекеттин бийлик органдары жайгашып, 19-кылымда Дворецтер коомдук маанилүү иш чаралар откорүлүүчү жайга айланган. Кайра жаралуу доорундагы архитектурада жаңы типте ири Дворец имараттары курулган. Мисалы, Париждеги Лувр, Версаль Д. (16-18-к.). 15-кылымдын аягында Руффо менен Солари жетектеген орус архтекторлору Москва Кремлинин Кырдуу палатасын салышкан.

18-кылымда Петербургда Аничков, Мрамор жана Кыткы Дворецтер салынган. Совет бийлигинин мезгилинде Лихачёв атындагы заводдун маданият Дворец (1932-37), Лужники спорт Дворец (1956), Москва Кремлинде Съезд Дворец (1963), Тбилисиде Нике Д. (1964), Ташкенде Искусство Дворец (1968), Фрунзеде Ленин атындагы спорт Дворец (1974) сыяктуу жаңы типтеги Дворецтер курулду.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.