Делувий, Делювий (лат. deluo жууйм) — делювий чөкмөлөрү – жаан-чачын суулары менен агып же оордук күчүнүн таасиринен каптал ылдый кулап, тоо этегине жыйналган борпоң тоотек шилендиси. Делувийдин курамында чопо, кум, кырдуу кесек таштар аралаш жатат. Таштардын өлчөмү ар кандай, петрограммалык курамы делувийдин үстүнкү кабатында жаткан кабаттуу чулу тоотектерге байланыштуу. Делувийде көбүнчө алтын, калай, вольфрам жана башка металлдардын чачынды кендери болот. Делувий чополору кыш даярдоодо кеңири пайдаланылат.

Делувий (Алтай).

Колдонулган адабияттар түзөтүү