Зингшпиль (нем singen - ырдоо, spiel - оюн) - ыр, бий, сөз диалогдору кезмектешип аткарылган немецтердин комедиялык операсы.

Анда феодалдык коомдогу шаар менен кыштактын ортосундагы айырмачылыктар, теңсиздиктер, нравалык жана кедейлердин жашоосундагы терс көрүнүштөр баяндалган.

Ал 1752-жылдан тартып жеке жанр катарында өнүгө баштайт (мис., И. Штандфустун «Эркиндиктеги шайтан» аттуу комедиялык операсы). Зингшпиль өзгөчө композитор И. Гиллердин ж. б. чыгармачылыгында кеңири өнүгөт. Бул жанрдын адабий жагынан өнүгүшүнө Гёте айрыкча салым кошкон. Дүйнөлүк ысымдагы композитор А. Моцарт да Зингшпилдин өнүгүшүнө баалуу салым кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.