Интенционалдуулук (интенциональность) (лат. intentio – умтулуу, тенденция, максат коюу, далалаттануу, ниет) – аң-сезимдин предметтерге, дүйнөгө бурулушу; аң-сезимдин предметтерге маани-маңыз бериши жана сезип-туюуларды чечмелеп, түшүндүрүүсү. Схоластикада кеңири пайдаланылган Интенционалдуулук термини учурдагы философияга австриялык философ Франц Брентано (1838–1917) тарабынан киргизилген. Брентано үчүн Интенционалдуулук имманенттүү предметтүүлүк, ошондой эле психикалык жана физикалык феномендерди айырмалоонун критерийи болуп саналат. Феноменология окуусунун негиздөөчүсү Эдмунд Гуссерль (1859–1938) интенционалдуулукту предметтерге маани-маңыз берүү процесси катары баалаган. Интенционалдуулук аң-сезим теориясы менен феноменологиядагы негиздүү идея болуп саналат. Интенционалдуулук деп аң-сезимдин предметтер менен нерселердин жалпы жана идеалдуу маани-маңызын маданияттын негизги структуралык бирдиктери катары түзүүгө болгон жөндөмдүүлүгү аталат. Интенционалдуулук дүйнөнү түшүнүүнүн жалпы структуралары менен тыгыз байланышкан. Алар жеке тажрыйбанын, билимдердин жардамы аркасында гана пайда болушат да, даяр түрдө берилбейт. Ошол себептен интенционалдуулукту предметтерге маани-маңыз берүү, сезим-туюмдарды интерпретациялоо, дүйнө тууралуу ой жүгүртүү процесси деп аташат. Интенционалдуулук психиканын предметтик интерпретацияны же маданий мазмунду камтыган бөлүгүн гана мүнөздөйт. Мисалы, ооруксунууну сезүү Интенционалдуулуктун түзбөйт, анткени ал дүйнөнү маданий түшүнүү маңызына ээ эмес. Интенционалдуулук сезимдер маани-маңыз жаратса, Интенционалдуулукка ээ эмес сезимдер мындай маани-маңызды талкалап жок кылышат. Ага мисал катары наркотикалык уулугуу абалындагы сезимдерди атоого болот. Демек, аң-сезимде маданияттагы ирээттүүлүктүн, маданий баалуулуктарды жаратууга багыт алган жогорку чөйрө менен катар эле мындай багытка ээ эмес, ошол себептен маданият үчүн баалуулукка ээ эмес же маданиятты талкалап, жок кылууга жөндөмдүү элементтер да бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү