Колыма түздүгүЯкутиядагы аккумуляциялык зор түздүк. Түндүк-Чыгыш Сибирде, Колыма дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан. Алазея жана Юкагир бөксө тоолорунун аралыгында 750 кмге созулуп жатат. Жеринин бети начар тилмеленген, деңиз деңгээлинен 100–300 м бийикте, дөбөлүү. Бардык жеринде көп жылдык тоң жана жер алдындагы калың (50 м) муз катмарынын таралышы рельефтин тоң-термокарсттык формаларынын пайда болушуна шарт түзөт. Климаты катаал, кескин континенттик. Тайыз чакан көлдөр жана саздар көп. Табигый ландшафттарынын ичинен тайганын түндүк чегиндеги саздашып, куурап бараткан кара карагайлуу сейрек токой, түндүгүндө токойлуу тундра (ольха бадалы, тал, кайың), ошондой эле кочкар тибиндеги тундра жана арктика ландшафттары менен алмашат. Бугу жайыты, мергенчилик, балык уулоо өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү