"Моби-Дик" (англ. Moby-Dick) же болбосо "Кит") — америкалык жазуучу Херман Мелвилл тарабынан 1851-жылы Америкадагы кайра жаралуу доорунда басылып чыгарылган роман. Деңизчи Ысмайыл кит уулоочу "Пекод" кемесинин капитаны Ахабдын "Моби-Дик" аттуу ак киттен өч алыш үчүн издөөгө чыкканын баяндап берет. Мурунку кит аңчылыгына чыккан саякаттарында ошол ак кит Ахабдын тизесин тиштеп алган болот. Роман 1891-жылы жазуучу көз жумган убакта коммерциялык жактан солгундоого дуушар болуп басмаканалардан чыгарылбай калган, бирок 20-кылымда Американын улуу романы катары өз беделине кайра ээ болгон. Уиллям Фолкнер аталган эмгекти өзү жазгысы келгенин мойнуна алган, Дейвид Герберт Лоренс болсо романды "дүйнө жүзүндөгү эң таң калаарлык жана кереметтүү китептердин бири" жана ошондой эде "деңиз туурасында жазылган эң улуу китептердин бири" деп атаган." "Мени Ысмайыл деп ата" — дүйнө адабиятынын эң атактуу ачылыш сүйлөмдөрүнүн арасынан орун алган.

Моби-Дик (1892).

Бир жарым жылдык эмгектин түшүмү болгон китепке Мелвиллдин деңизден алган тажрыйбасы, кит жөнүндөгү адабияттардан окугандары жана ошондой эле Шекспир менен Библиядагы адабий эргүү таасир эткен. Романдагы ак кит кармаганга кыйын болгон чыныгы албинос кит Мока Диктин үлгүсүнөн алынган, ал эми аягы кит уулоочу "Эссекс" кемесинин чөгүшүнө негизделген. Кит аңчылыгынын жана киттин майын алуунун, андан тышкары кеменин бортундагы маданий жактан ар түрдүү экипаж мүчөлөрүнүн жашоосунун толук кандуу жана реалдуу сүрөттөлүшү класстык жана социалдык макам, жакшылык жана жамандык, Кудайдын бар экендиги сыяктуу окуялар менен айкалышат. Баяндоо прозадан тышкары Мелвилл ырларды, поэмаларды, Шекспирдин сахналаштырылган баяндоосун, монолог жана апарт сыяктуу стилдерди жана адабий ыкмаларды колдонот.

"Анын гениалдуулугуна суктануу белгиси катары" деп Натаниэл Хауторнго арналып жазылган китеп биринчи "Кит" деген аталыш менен Лондондо 1851-жылы басылып чыгарылган. Ал эми ноябрь айында Нью-Йоркто акыркы так аталыш менен жарык көргөн. Китептин эки түрдүү басылышы — айрымадары бир аз гана, кээ бир жеринде чоң — жүздөгөн айырмачылыктар менен жарык көргөн. Лондондогу басмаканачы аяр болгон абзацтарды алып салып, же өзгөртүп койсо Мелвилл китепти кайра көздөн өткөрүп, китептин аталышын да акыркы мүнөттөрдө өзгөртүп Нью-Йорк басылышы чыккан. Бирок кит эч кандай сызыкчасыз "Моби Дик" деп эки санда тең кездешет.

Британиядагы басылышында Ысмайылдын аман калышын камтыган эпилог жок болгондугуна байланыштуу окуяны жоголуп кеткен бирөө айтып жаткандай сезим калтырат. Британ журналдарындагы көптөгөн сынчылар адабий эрежелер бузулгандыгын айтып, олуттуу кемтик үчүн жазуучуну сынга алышкан. Бирок башка сынчылар китепти суктандыруучу деп мүнөздөшкөн. Кыртышы сүйбөгөн айрым британиялык сынчылардын ой-пикирлери Америкадагы мезгилдүү журналдарга басылып чыгарылып, же шилтеме жасоо менен эпилогго жеткилик алган америкалык окурмандарды ыңгайсыз абалга калтырган. Автордун көзү тирүү кезинде китептин 3200дөй нускасы сатылган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү