Сиквел (англ. sequel, лат. sequo) – латын тилинен которгондо «улантуу, артынан баруу» деген маанини берет. Бул сөз маданият тармагында кеӊири пайдаланууга өткөн. Башкача айтканда, сиквел – бул кайсы бир чыгарманын же кинонун экинчи бөлүгү, уландысы. Бирок сериал эмес. Мисал катары айтсак, белгилүү Агент 007 Жеймс Бонддун же болбосо кичинекей сыйкырчы Гарри Поттердин окуяларынын уландысын сиквел деп айтууга болот. Баса, кээде сиквел сөзүн трилогия, эпопея же цикл деген сөздөр менен да алмаштырып жүрүшөт.

Байланышкан түшүнүктөр түзөтүү

Дагы караңыз түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү