Дилогия, экилтик (грекче – эки сөз, эки баян) – композициялык жактан өз-өзүнчө турган, бирок автордук ниети, сюжети, каармандары кайталанган эки бөлүктөн турган чыгарма. Н. Носовдун “Билбестиктин жоруктары” жана “Билбесбек күнөстүү шаарда”, Т.Касымбековдун “Сынган кылыч”, “Келкел” романдары дилогияга жатат.

Адабият: түзөтүү

Шериев Ж., Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3