Стерилдөө — оорулууга керектүү түрдүү буюмдардан, тамак-аштан, дары эритмелеринен, медициналык аспаптардан, таңгычтардан жана башкалардан микробдорду жок кылуу.

Жогорку температура менен стерилдөө

Мааниси түзөтүү

Стерилдөө операция жасоо, таңуу, дарылоо жана диагноз коюу жана башка учурда организмге микроб жугуудан сактайт ( Антисептика, асептика).

Стерилдөө жолдору түзөтүү

Стерилдөөдө жогорку температура, ультракызгылт-көк нур жана чыпкалоо колдонулат.

Жогорку температура түзөтүү

Жогорку температурадан, ысытуудан бузулбаган буюмдар, таңгычтар, хирургиялык аспаптар жана башкалар атайын стерилдегичте кайнатылат же жогорку басым астында автоклавда стерилденет.

Чыпкалоо түзөтүү

Айрым суюктуктар бактериялык чыпкалардан өткөрүлөт. Ысыктан бузулуучу аспаптарды, буюмдарды стерилдөөдө түрдүү химиялык заттар (спирт, этилен кычкылы, формалин жана башкалар) колдонулат.

Ультракызгылт-көк нур түзөтүү

Ал эми имараттарды, бөлмөлөрдү стерилдөө ультракызгылт-көк нурдун жардамы менен жүргүзүлөт. Үй шартында стерилдөөнү кайнатуу ыкмасы менен жүргүзсө болот. Мындай ыкма менен оорулуунун кийим-кечеси, аны багууга пайдаланылган буюмдар стерилденет. Тамак-ашты 100°ка чейин ысытып стерилдейт (Үй шартында консервалоо).