Тераи – Гималайдын түштүк этегиндеги саздуу жантайма түздүк. Индия, Непал, Бутан, Пакистандын аймагында кездешет. Деңиз деңгээлинен 900 м бийиктикке чейин созулуп, жазылыгы 30–50 км болгон узун тилкени түзөт. Тоо этегинде, топурактын жер астындагы суулар менен ашыкча нымдалышынын негизинде калыптанат. Магнолия, бамбук, орхидея, лиана, папоротниктер менен аралашып өскөн бийик чөптүү нымдуу тропик токою (жунгли) мүнөздүү. Тераини жолборс, маймыл, жапайы пилдер байырлайт. Айрым жерлери кургатылып, шалы ж. б. айыл чарба өсүмдүктөрү айдалат.

Тераи (Непал).

Колдонулган адабияттар түзөтүү