Пакистан, Пакистан Ислам Республикасы (Ислами Жумхурие Пакистан) – Түштүк Азиядагы мамлекет. Түштүк-батышынан Иран, батышынан, түндүк-батышынан Ооганстан, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Индия менен чектешет. Түштүгүн Араб деңизи чулгайт. Аянты 796 миң км2 (айрым маалыматтарда 803,94 миң). Калкы 230 млн (2023; калкынын саны боюнча дүйнөдө 5-орунда). Борбору – Исламабад шаары Административдик-аймактык жактан 4 провинцияга, 2 Кашмирге, борбордук федерацияга жана федерация тарабынан башкарылуучу уруу аймагына бөлүнөт. Акча бирдиги – пакистан рупиясы.

Flag of Pakistan.svg
Пакистан.

Пакистан – Бириккен Улуттар Уюмунун (1947), Эл аралык өзөктүк энергетикасы боюнча агенттиктин (1957), Эл аралык валюта фондунун (1950), Бүткүл дүйнөлүк Соода уюмунун (1995), Интерпол (1952) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

КалкыОңдоо

Пакистан – көп улуттуу өлкө. Калктын 45%и – панжабдар. Калгандары пуштундар, синдхилер, белуждар, брагуи, хазарейликтер, шина, балти, кхо, кашмирликтер, буриштер ж.б.

Мамлекеттик түзүлүшүОңдоо

Пакыстан федерациялык мамлекет. Конституциясы 1972-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш демократиялык республика. Мамлекет башчысы – президент. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011) Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент. Ал эки палатадан турат: төмөнкү (Улуттук ассамблея) жана жогорку (Сенат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр башында турган өкмөт. Пакыстанда көп партиялуу система орун алган. Негизги саясий партиялары: Пакыстан мусулман лигасы, Пакыстан элдик партиясы, Пакыстан коммунисттик партиясы ж. б.

Колдонулган адабияттарОңдоо