Тил ченеми ― байыртан айтылып, жалпы эл ичинде кенири колдонулуп жүргөн тил сөздөрдүн тарыхый калыпташкан жыйындысы, б. а. коом тарабынан конкреттүү тарыхый мезгил үчүн тандалып, пайдаланууга жарактуу деп таанылган эреже. Тил ченеми тилдин коомго ийкемдүү кызмат өтөшүн жана тарыхый жактан улам кийинки мезгилдерге өтүшүн камсыз кылып турган маанилүү касиеттеринин бири. Адабий тилдин пайда болуп, калыптануу процессинде түзүлгөн адабий Тил ченеми ― Тил ченемин өзүнчө бир көрүнүшү. Өнүккөн адабий тилдин ченеми тилдин бардык баскычтарын өзүнө камтыйт да, салыштырмалуу стабилдүүлүгү, бир түргө келтирилгени (унификациялангандыгы), функциялыкстилдик жактан жиктелиши менен мүнөздөлөт. Адабий тилдин ченеми тилдик кандай каражаттар менен байланыш экенине жараша орфографиялык, орфоэпикалык, лексикалык, грамматикалык, стилдик ченемдерге бөлүнөт. Орфографиялык жана грамматикалык ченемдер лексикалык, стилдик ченемдерге караганда бир кыйла туруктуу келсе, кийинкилер тил каражаттарын эркинирээк колдонууга жол берет. Мектеп, театр, ММК тармагы ж. б. адабий тил ченемдин калыптанышында чоң роль ойнойт.

Ченем туруктуу жана бир тартипке салынган тилдик каражаттардын жана коом тарабынан аң-сезимдүү түрдө туура деп эсептелип кабыл алынган колдонуунун эреже-талаптарынын (кодификация) биримдиги катары улуттук доордогу адабий тилдин өзгөчө белгиси болуп саналат. Айрым көз караштар боюнча ал деги эле тилдик өнүгүүнүн бардык этаптарына мүнөздүү атрибуту катары да аныкталат да, кеңири мааниде да колдонулат. Ошондуктан тил илиминде тил тутумунун ченеми жана тилдик структуранын ченеми деген түшүнүктөр белгилүү даражада айрым-айрым иштелип каралып жүрөт.

Ченем кубулуш катары бир эле учурда таза лингвистикалык жана социалдык-тарыхый категория болуп саналат. Ченемди социалдык-тарыхый аспектиде караганда, алды менен, тилдик өнүгүүнүн конкреттүү тарыхый-социалдык шартына жараша ченемдеги ар кандай өзгөрүүлөр, ошого жараша тилдик тигил же бул кубулушту, көрүнүштү ченем деп эсептөө, ченем катары кабылдоо, ошону менен эле катар тилдик тигил же бул кубулушту туура-туура эмес, ыктуу-ыксыз, мыкты-начар, туура келет-туура келбейт, көркөм-көркөм эмес деген сымал баалоо-нарктоо (акциологиялык аспект) тандап-иргөө зарылчылыгы келип чыгат. Ал эми таза лингвистикалык аспектиде караганда ченем эки жагдайда эске алынат: биринчиден, ченем тилде реалдуу колдонулуп жүргөн лексема, сөз формалары, синтаксистик конструкциялардын жалпы жыйындысы, жалпы көрүнүшү; экинчиден, ченем тилдик каражат-бирдиктерди тандап, иргеп-илгөө жана колдонуу эрежелеринин жалпы жыйындысы. Бул экинчи аспектиде ченем кодификация менен маанилеш болуп калат.

Ченемдин туруктуулугу ― анын негизги белгилеринин бири. Бирок, ченемдин туруктуулугу салыштырмалуу гана, ченем табиятынан кыймылдуу. Бул тилдик каражаттардагы варианттуулуктун сакталышы, колдонулушу, бир эле ойду ар кыл варианттар, синонимдик каражаттар аркылуу берүү мүмкүнчүлүгү менен шартталган. Демек, варианттуулук дагы туруктуулук сыяктуу эле ченемдин бир белгиси боло алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Тилде реалдуу колдонулуп жүргөн каражат-бирдиктер менен адабий ченемдин ортосунда, албетте, белгилүү өлчөмдө айырмачылык, шайкеш келбестик болот. Бул коомдук өнүгүүнүн тарыхый шарттары, социалдык структурасы, тилдик жагдайдын өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу. Алсак, коомдогу жалпы билим берүүнүн, маданий өнүгүүнүн, массалык маалыматтын таасир этүү деңгээли, коомдук-саясий кырдаал, коомдук жоопкерчилик маданияты ж.б.у.с. жагдайлар кеп ишмердигине, кептин маданияттуулугуна, ченемдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет да, адабий ченемдин бир эле учурда туруктуулугун жана варианттуулугун камсыз кылат.

Ченемдин негизги типтерине тилдин оозеки жана жазуу формаларынын ченеми; тилди колдонуунун функционалдык-стилдик ченеми; адабий тилдин аймактык-улуттук варианттары болсо, аймактык ченеми. Адабий тилдин ченеминин бул үч тибинин биринчи экөө кыргыз адабий тилинин ченемине мүнөздүү болсо, үчүнчү тиби (англ.ис тилинин америкалык, (англ.иялык варианттарынын ченемдерине мүнөздүү.

Тилдик тигил же бул кубулушту, каражат-бирдикти ченемге жатат, ченемдүү деп таанууга негиз болуучу төрт жагдайды эске алышыбыз керек: биринчиден, ал тилдик тутумдун өнүмдүү моделине дал келип, тилдик структурада кеңири колдонулушу зарыл; экинчиден, кеп ишмердигинде ал кеңири жана үзгүлтүксүз (регулярдуу) айтылып турушу зарыл; үчүнчүдөн, ал жалпы коомчулук тарабынан ченемдүү көрүнүш катары кабылданышы, белгилениши жана эсептелиши зарыл; төртүнчүдөн, жалпы коомчулук тарабынан нормативдүү делип, кабыл алынган факт, каражат, сөзсүз түрдө, кодификацияланышы зарыл.

Арийне, ченемдин өнүгүшү жана калыптанышы стихиялык жана аң-сезимдүү таасир этүү процесстери менен шартталган. Ошондуктан адабий ченемди грамматикаларда, справочниктерде, сөздүктөрдө кодификациялоо тилдин өзүндөгү өзгөчөлүктөргө жана ошол өзгөрүүгө учураган каражаттарды аныктап баалоого, аларды колдонууга жараша жаңыланып, улам такталып турууга тийиш. Ансыз тилдик өнүгүүнүн элементтери менен ченемдеги төп, шайкеш келбөөчүлүк, ажырым көбөйө бериши ыктымал. Буга стихиялык жана аң-сезимдүү таасир этүү факторлорунун да ролу чоң. Маселен, тилдин жазуу формасына, б.а. орфографиялануу ченемине жогоруда биз айткан эки фактор тең күчтүү таасир этет, мында лингвистикалык негизге караганда субъективдүү негиз көбүрөөк колдонулуп кеткен учурлар кездешет. Туура да, туура эмес да кодификацияланып калган жагдайлар арбын учурайт. Бүгүнкү күндө адабий тилдин оозеки ченеми менен жазуу ченемин жакындатуу тенденциясы күч алып жатканы байкалат. Бул ― тил дегендин өзү айтылган, оозеки берилген кубулуш экендигине, жазуу анын графикалык гана белгилениши экендигине көбүрөөк басым коюлуп жатышы менен түшүндүрүлөт.

Ченем түшүнүгү тилдин өзү сыяктуу эле эң байыркы түшүнүктөрдөн экендигине карабай, 20-кылымдын орто ченинде гана лингвистикалык түшүнүк катары илимий-теориялык негизде талкууга алынып, адабий тил, кеп маданияты көйгөйлөрүн алкагында атайын изилдене баштады.

Булактар түзөтүү