Хан, кан, каган, хаган («монарх», «бийлөөчү» маанисиндеги байыркы түрк сөзү) – түрк жана моңгол бийлөөчүлөрүнүн наамы. Бул термин байыркы Орхон-енисей жазма даректеринен да учурайт. Хан алгач уруу башчысы деген маанини туюнтса, селжуктар менен Хорезм шахтары тушунда Хан – князь деген мааниде колдонулган. 11–12-кылымдарда Моңгол империясында улустарды бийлегендерге, султандарга да хан наамы ыйгарылган.

Чыңгыз хан (1155-1227).

Индостандагы мусулман мамлекеттериндеги ар түрдүү мансапка ээ болгон төрөлөр да хан аталышкан. Иранда Сефевилер тушунда облусту башкаруучу, ошондой эле аскер феодал төбөлдөрүнүн бири да хан аталган. 19-кылымда хан наамы айрым бир кыргыз төбөлдөрүнө берилген.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү