Каган - байыркы кыргыз, түрк, уйгур кагандыктарындагы жогорку башкаруучунун ж-а башкы аскер жетекчисинин наамы (титулу).

Кыскача таржымакалы

түзөтүү

Каган термини биринчи жолу кытайлык жылнаамаларда 312-ж. окуяларга байланыштуу эскерилет. IV к. ортосунанан тартып Түрк кагандыгынын бийлик ээлери да Каган наам алышкан. Кийин аварлар, Енисей кыргыздары, печенегдер, хазарлар, караханийлер ж. б. түркий элдер мамлекет башкаруучуларын Каган деп атаган. VIII к. акыры IХ к. чейин Киевдик княздар да Каган титулун пайдаланышып, саясат жактан өздөрүн азар кагандарына тең экендигин көрсөтүүгө аракеттенишкен. Феодализм доорундагы түрктөр Каган терминин «хакан», «хан» түрүндө да пайдаланышкан.

К. наамы хунндар, хазар, булгар, аварларда да белгилүү болгон. Бул наамды 6-к-да уйгур, кыргыз, карлук башкаруучулары кабыл алышкан, император, шахиншахка маанилеш сөз болгон. 8-к-дын акыры– 9-к-дын башынан 13-к-га чейин киевдик княздар да Каган титулун пайдаланышып, саясий жактан өздөрүн Хазар кагандарына тең экендигин көрсөтүүгө аракеттенишкен. Моңгол мамл. негиздеген Темучин (Чыңгыз хан) да ушул наамды кабыл алган. К. термини мусулман булактарында «хан», «хакан» түрүндө кездешет. Изилдөөчүлөр бул термин кытай тилинен кирип, «улуу башкаруучу» дегенди аныктарын белгилешет. Титул жазуу эстеликтеринде антропонимдердин компоненттери катары кездешет: Бумын каган, Ай каган, Боз каган, Билге каган, Барсбек, Барс-бег ж. б.

Монголдордун жапырыгынан кийин Каган термини «Хан» болуп биротоло өзгөртүлгөн.

Дагы караңыз

түзөтүү

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук / Башкы редактор А.Табалдиев, Б.Ө.Орузбаева. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1976-80. – Т. 1-6. - Т.4. 155-157 бб.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9
  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия.(жеткиликсиз шилтеме) Бишкек. 2003