"Эсте" (англ. Memento) ― 2000-жылы Кристофер Нолан тарткан жана жазган нео-нуар психологиялык триллер. Продюсери Сюзан жана Женнифер Тодд. Тасманын сценарийи Жонаттан Ноландын "Өлүмдү эсте" идеясына негизделген. Катышкандар: Гай Пирс, Керри-Энн Мосс жана Жо Пантолиано.

Эсте
Режиссеру Кристофер Нолан
Продюсер
Сценарийи Кристофер Нолан
Оператору Уолли Пфистер
Негизинде "Memento Mori "
автору: Жонатан Нолан
Тартылгандар
Музыкасы Дэвид Жулян
Редактору Доди Дорн
Жайылтуучу Newmarket
Чыккан жылы
  • сентябрь 5, 2000 (2000-09-05) (Венеция)
  • март 16, 2001 (2001-03-16) (АКШ)
Узактыгы 113 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ[2]
Тили Англис
Бюджети $9 млн[3]
Киреше $39.7 млн[3]

Пирс башынан өткөн травманын айынан эске тутуусун жоготуп, ар бир 5 мүнөт сайын эсин жоготуп турган адамдын ролун аткарат. Ал эстей албаган маалыматтарды эстеш үчүн сүрөттөрдөн жана татуировкалардан турган татаал система колдонуу менен өзүнө кол салган жана аялын өлтүргөн адамдарды издейт. Тасмасы эки бөлүк болуп көрсөтүлгөн: түстүү эмес бөлүгү ырааттуу көрсөтүлүп, түстүү бөлүгү тескери ыраатта көрсөтүлгөн (көрүүчүлөр каармандын акыл абалын сезе билүүсү үчүн). Эки бөлүк аягында биригип, ырааттуу бүтүн тасманы түзөт.

Тасманын бетачары 2000-жылы 5-сентябрда Венецияда эл аралык фильм фестивалында көрсөтүлгөн, ал эми Европада октябрда жарыкка чыккан. Тасма абдан ийгиликтүү сатылып, киносынчылар тасманын ыраатсыз түзүлүшүн, эске тутуусун калыбына келтирүү мотивациясын ж.б. макташкан. Тасма $9 млндук бюджети менен $39,7 млн киреше тапкан. Тасма "Эң оригиналдуу сценарий", "Эң мыкты монтаж" Оскар сыйлыктары сыяктуу көптөгөн наамдарга татыган. Тасманы кээ бир маалымат каражаттары жана киносынчылар декаданын эң мыкты тасмаларынын бири деп белгилешкен.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Memento. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 10 -июнь (кулжа) 2013.
  2. Memento (2000). British Film Institute. Текшерилген күнү 14 -июнь (кулжа) 2014. Түп булактан архивделген күнү 29 -ноябрь (жетинин айы) 2014.
  3. 3.0 3.1 Memento (2001). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 21 -декабрь (бештин айы) 2014.