SGML (англ. Standard Generalized Markup Language - стандарттуу жалпыланган белгилөө тили) - документтердин белгилөө тилин аныктоого арналган тил болуп эсептелет. SGML — 1969 жылы IBM де өндүрүлгөн GML (Generalized Markup Language) тилинин мураскору.

Алгач SGML ири өкмөттүк жана аэрокосмостук долбоорлордо машине-адам окуй ала турган документтерди бирге пайдалануу үчүн чыгарылган. Ал басмаканаларда да кеңири пайдаланылып келген, бирок анын оордугу күндөлүк колдонууда кеңири жайылуусун кыйындатты.

SGML ISO (эл аралык стандарттоо уюму) стандартына жооп берет.

HTML жана XML тилдери SGML ден өсүп чыккан. HTML — бул SGML дин тиркемеси, ал эми XML — документти машиналык талдоо аракетин жеңилдетүү үчүн, толукталган түрү. SGML дин мындан башка SGML Docbook (документтөө) жана «Z Format» деген тиркемелери да кездешет.