Аталаш - атасы бир, энеси башка бир туугандар. Көчмөн турмуштун шартында кыргыздарда көп аял алуу салты өкүм сүргөндүктөн, бир эркектин бир нече аялынан төрөлгөн балдары аталаш деп аталган. Аялы өлгөн же ажырашкан эркек башка аял алса, анын баштагы ж-а жаңы аялынан тапкан балдары да аталаш болот.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1