Атаманова Ольга Викторовна

Атаманова Ольга Викторовна (1.9.1962-жылы туулган, Иркутск шаары) - техника илимдеринин доктору (2004). К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун (1984), ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн (1992). Кыргыз айыл-чарба университетинде доцент (1993-2004), Кыргыз - Россия Славян университетинде профессор (2004-жылдан). Суу мелиорациясы боюнча адис. 47ден ашык илимий эмгеги жарык көргөн. илимий эмгеги: Совершенствование систем автоматизации водораспределения с использованием гидравлических стабилизаторов расходов воды. Б., 2000.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1