Атама сүйлөм - жөнөкөй сүйлөмдүн бир түрү. Жаратылыштагы ар түрдүү көрүнүштөрдү, кубулуштарды, окуяны, мезгилди, орун-мейкиндикти атап көрсөтөт. Атама сүйлөмдүн структуралык негизин атооч жөндөмөдөгү зат атооч же зат атоочтук сөз айкашы түзөт. Ал сүйлөм мүчөлөрүнө ажырабайт. Дайыма баяндоо интонациясы менен айтылып, сүйлөмдүк белгиге, касиетке жетишет да, көрүнүш, окуя тууралуу кыскача кабар берет (мисалы, жай. Таза аба. Жайылган мал).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1