Зат атооч - сөз түркүмү. Зат атооч заттын атын билдирип ким? эмне? деген суроолорго жооп берет. Коптук турундо -лар мучосу кошулат.

Зат атоочтун өзүнө тиешелүү морфологиялык белгилери бар:

  • жөндөлөт;
  • жекелик жана көптүк санда колдонулат;
  • таандык мүчөлөр менен өзгөрөт;
  • жакталат.

Зат атооч сүйлөмдө ээлик, баяндоочтук жана айкындоочтук милдетти аткарат.

Тубаса жана туунду зат атоочтор

Зат атооч сөздер морфологиялык түзүлүшүнө карай тубаса жана туунду болуп экиге бөлүнөт.

Мүчөлөргө (морфемаларга) ажыратууга мүмкүн болбогон зат атооч сөздөр тубаса зат атоочтор деп аталат. Мисалы: кол, баш, аnа. китеп, тегирмен. Адыл. Сайкал, Суусамыр ж.б. Мындай зат атоочтор андан ары мучолонбойт. Туунду унгу же бириккен унгулардан турган зат атоочтор туунду зат атооч деп аталат. Булар курандылар аркылуу же унгу бирикмелери менен жасалган зат атооч сөздөр болуп эсептелет. Мисалы: окуучу, койчу, чалгы, орок, оймок ж.б

Туунду зат атоочтор куранды мүчөлөрдүн жардамы менен же унгу бирикмелери аркылуу жасалат дедик. Айрым энчилүү аттардын тутумунда да куранды мүчөлөр болот. Мисалы: Карагаты, Алматы, Долоноту. Чырпыкты. Жошолу деген сөздөр -луу (байыркы -лы > -мы) курандысы менен, Көңдүк, Жиптик -лык курандысы менен. Жолчу, Жоочу, Тойчу -чы курандысы менен, Алгыр. Өткүр -кыр курандысы менен жасалган. Ал эми быйыл, таята, байке, чоң ата, беш бармак, аш казан, таш бака, бала-чака, үй-бүлө, тогуз коргоол, улак тартыш, Арча-Тору, Кубанычбек, Кызыл-Үнкүр. Ала-Арча өндүү туунду зат атоочтор уңгу бирикмелеринен турат.