Ата-энелердин кадыр-баркы

Ата-энелердин кадыр-баркы - жакшы сапаттары менен ата-энелердин балдарга тийгизген таасири.

Ата-энелер өндүрүштө, коомдук иштерде жана үй-бүлөдө жүрүш-туруштары аркылуу балдарга үлгү болушат. Балдарды жеке кызыкчылыктан коомдун кызыкчылыгын жогору коюуга тарбиялоо зарыл. Үй-бүлөдөгү ынтымактуулуктан жана педагогика туура тарбия берүүдөн Ата-энелердин кадыр-баркы жогорулайт. Балдар чын дили менен ата-энесин урматташып, алардын сөзүн, кеңешин жана койгон талабын өз ыктыяры менен аткарышканда гана Ата-энелердин кадыр-баркы коммунисттик моралдын талабына жооп берет.

Улуу педагог А. С. Макаренконун Ата-энелердин кадыр-баркы жөнүндө маанилүү көп эмгектери бар. Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү сыйлоо кыргыз үй-бүлөсүндө элдик салттардан болуп саналат. Коммунисттик курулуштун мезгилинде анын мазмуну жаңы принциптер менен байыды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.