Аткыалгыр куштардын ичин тазалоочу көңдөй түтүк. Ал жыгачтан же жорунун жото жилигинен жасалат. Алгыр куш семирип кетсе же салар алдында жем жеп койсо, анын ичи аткы менен тазаланат. Алгыр куштун оозун ачып, ага аткынын жардамы менен туздуу суу куюулат. Бир аздан кийин алгыр куштун ичи өтүп, ичи тазаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1