Атлетика - (гр.aJlhticоV - жарыш, мелдеш) 1) цирк искусствосунун бир түрү. 19-кылымдын башталышында цирк оюндары адаттан тыш дене күчүн ж-а шамдагайлыкты көрсөтүүчү номерлерди аткара баштаган. Белгилүү атлеттердин ичинде: И. М. Поддубный, И. М. Заикин, Е. Сандов, И. Графль, В. Моор-Знаменский, Н. Вахтуров, ага-ини И. И. ж-а А. И. Нелипович, Г. И. Новак, В. И. Дикуль бар; 2) күчтүүлүккө, чыдамкайлыкка, тездикке, шамдагайлыкка тарбиялоочу түрдүү дене күч көнүгүүлөрүнүн топтому. Түрлөрү: жеңил атлетика - чуркоо, жөө жүрүш, секирүү ж-а ыргытуу; оор атлетика - оордукту (штангалар) мелдешип көтөрүүчү спорт түрү.

1921-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жеңил атлетика боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Олимпиялык оюндарда атлетика боюнча байгелүү орундарды ээлеген Кыргыз ССРинин спортсмендери: Жеңил атлетика: Иванов Л. (1964), Барч О. (1968, 1972), Колпакова Т. (1980), Чернецкий Н. (1980), Сысоева М. (1980). Оор атлетика: Осмоналиев К. (1980). Дүйнөлүк чемпионаттарда атлетика боюнча байгелүү орундарды ээлеген Кыргыз ССРинин спортсмендери: Оор атлетика: Осмоналиев К.(1978, 1979, 1980, 1981), Ли С. (1981, 1982).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1