Атмосферадагы толкундар

Атмосферадагы толкундар- аба адамдарынын төө өркөчтөнүп таралуу процесси.
Мүнөзү жана пайда болушуна жараша Атмосферадагы толкундартүрдүүчө болот.

Аба массаларынын ылдамдыктарынын айырмасы канчалык чоң, ал эми тыгыздыктарыныкы канчалык кичине болсо, Атмосферадагы толкундардын амплитудасы менен узундугу ошончолук чоң. Атмосферадагы толкундардын узундугу кээде бир канча км ге, амплитудасы жүздөгөн м ге жетет. Эки катмар бири бирине карама-каршы келген жарыш кыймылда болсо, өтө узундуктагы туура толкундар пайда болуп, алардын кыры кыймылдын багытына тик жайгашат. Эгерде ылдамдыктары аз айырмаланган эки катмардын кыймылы түрдүү багытта болсо, анда өз ара кесилүүчү толкундардын эки системасы орун алат. Ал эми байкоочу туташ булуттан жогору көтөрүлсө, анда ал булуттун үстүнкү бети деңиз толкуну сыяктуу болуп көрүнөт. Алар абанын эки катмарынын чек арасындагы туруктуу толкун деп аталат. Атмосферадагы толкундарды изилдөө аба ырайын прогноздоодо чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.