Атом ядросунун изомериясы

Атом ядросунун изомериясы - атом номери Z жана массалык саны А бирдей, ажыроо мезгили түрдүүчө болгон дүүлүккөн абалдарга атом ядросунун нурлануу кубулушу.

Б. В. Курчатов, И. В. Курчатов, Л. В. Мысовский жана Л. И. Русинов жасалма радиоактивдүү ядролордо Атом ядросунун изомериясы бар экендигин 1-жолу байкашкан. Алар бромдун изотобу S5 Br 4,4 с жана 18 мин жарым ажыроо мезгилине ээ экендигин аныкташкан. Изомерия абалындагы заттардын жарым ажыроо мезгили 10- сек. дан бир нече жылга чейин согулат. Атом ядросунун изомериясы радиоактивдүү ядролордо туруксуз абалдардын болушу менен түшүндүрүлөт. Мис, 35 Вг алгачкы учурда өтө дүулүккөн абалда болот. Эгерде ал у-фотондорду нурлантса, негизги абалына келет да, В-ажыроо 7*= 18 мин да болуп өтөт. Туруксуз абалга дуушар болгондо, ядронун негизги абалга өтүшү 4,4 с ка созулат. 100дөн ашык изомериялуу ядро белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.