Ат-Башы руда талаасы – Ат-Башы кырка тоосунун түндүк капталындагы сымаптын 20дан ашык майда кендери жайгашкан аймак.

Ал уз. 25 км, туурасы 1 км аянтты ээлеп, негизинен силур мезгилинде пайда болгон мрамор жана лиственит тоо тектеринен түзүлгөн. Ат-Башы - Эңилчек терең жаракасы аймактын түштүк тарабынан өтүп, аны бойлой жер бетине серпентиниттелген гипербазиттердин интрузиялары чыгып жатат. Сымап кендери мрамор тегиндеги брекчия зоналарынан орун алган; ал листвениттердеги тектон. жаракаларда жана терриген чөкмөлөрүндөгү кварц-анкерит тарамчаларында да бар. Рудадагы сымаптын өлчөмү 0,1- 0,3% ке жетип, алар негизинен киноварь менен метациннабарит сыяктуу минералдардан турат. Кендер Ат-Башы - Эңилчек терең жаракасы менен байланыштуу болуп, герцин металлогениялык доордун аягында гидротермалык жол менен пайда болгон. Аймактагы кендердин маанилүүсү - Коргон-Таш, Ак-Бейит, "Мраморный" жана Таш-Рабат, бирок алар азырынча казылып алынбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.