Ат-Ойнок тоо кыркасы

Ат-Ойнок кырка тоосу‎»‎ барагынан багытталды)

Ат-Ойнок тоо кыркасы — Батыш Теңир-Тоодо. Кара-Суу (оң), Кара-Кулжа сууларынын (Узун-Акматтын оң куймасы) жана Нарындын төмөнкү куймаларынын (Ит-Сай, Аксай-Башы, Токтобек-Сай, Томатерек жана башкалар) ортосунда. Талас Ала-Тоосу менен Чаткал кырка тоосу тутумдашкан жерден түштүк-чыгышка карай (Нарын дарыясына чейин) 70 кмге ийилип жатат; туурасы 16 км, Орточо бийиктиги 3300 м, эң бийик жери 3896 м. Тоонун суу бөлгүчү тик, аскалуу, ортоңку бийик бөлүгүндө байыркы мөңгүнүн калдыктары – тепши сымал өрөөндөр, төрлөр, мореналар кездешет. Түндүк капталы кыска, терең тилмеленген тар капчыгайлуу келип, Кара-Кулжа суусуна тик түшөт. Түштүк жана түштүк-чыгыш капталдары жазыраак, капчыгайлуу, тарамдашкан жарлуу тоо тармактарын түзүп, Кара-Сууга (оң) жана Нарын дарыясына акырындап эңкейиштейт.

Ортоңку девондун, карбондун 1700 мге чейинки калыңдыктагы кумдук, алевролит, сланец, акиташ, конгломерат тектеринен турат; алар кеңдик багыттагы тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Тоодон Кара-Кулжа, Узун-Акмат, Кара-Суу (оң), Нарын дарыясынын көптөгөн куймалары башталат. Түндүк капталында аянты 4–5 км2 келген көл бар. Ландшафты бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт: жарым чөл жана талаа (2200 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа (2400 мге чейин), жаңгак-жемиш токой аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2800 мге чейин), карагай, ак карагайлуу шалбаа (3000 мге чейин), субальп, альп шалбаасы (3600 мге чейин), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; жаңгак жана ар кандай мөмө-жемиштер жыйналат. Кооз табиятын рекреацияда кеңири пайдаланууга болот.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1