Ат таптоо
Ат таптоо — күлүктөрдү табына келтирүү ыкмасы. Ат чабышка кыргыздар туш келген эле аттарды кошо берген эмес. Күлүктү атайы бир жыл, алты ай, же үч ай байлап тапка келтирген. Байланган күлүккө жем-чөбү, суусу гана эмес аны маал-маалы менен бастырып, чаптырып туруунун өзү да белгилүү өлчөмдө так ыргак менен тартипке салынган. Учуру келгенде улам аттын терин алып (жылма терин, кара терин, анан акыр аягында ачуу терин алат) жүрүп олтуруп чоң байгеге таптаган. Ачуу тери таза алынбаган күлүктү алыс аралыкка чапканда ал буулугуп өлүп калышы мүмкүн. Кыргыз элинде даңазалуу чоң байгеге атайы тапталган күлүк аттарга чөпкө кошо тууралган козунун этин, кээде жыланды да жедиргендиги айтылат. «Манаста» мындай маалыматтар түздөн-түз айтылбайт, бирок алыс аралыктарга талбай чуркаган, узак салгылаштарда арыбай жүргөн күлүктөрдүн А. т-нун катаал ыргак тартибин сактап тапка келтиргендигинен кабар берет. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Көкөтөйдүн ашында чабылып биринчи келген Аккуланын тапталышы мындайча сүрөттөлөт: Баатырдын аты Аккула, Кабыргасы как Кула, Каса тулпар Аккула Этине келип ээлигип, Эликтей башын көтөрүп, Баскысы келип жээлигип, Жарым күндүк эти бар, Жаңыдан тердеткенинде Жайына келип алыптыр, Жаадай болгон чоң Кула ат Табына жетип калыптыр (Сагымбай Орозбаков, 3. 151). «Семетей» эпосундагы «Каныкейдин Тайторуну чапканы» эпизодунда: Оргуй-оргуй чуратып Ачуу терин алды эми... Анык кайып буудандын Оозу менен алышып. Эңкейиштеп жүгүрсө, Эликтей колу сайылып. Өр таяна бергенде Жал куйругу жайылып, Табына келген Тайтору (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.79). Букарда тарбияланган Семетейди кан көтөргөн тойдо төлгөгө чабылып, чыгып келет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|