Аура— талма (эпилепсиялык), шакый, истерия кармардагы өзгөчө абал ауранын бир нече түрү бар.
Сенсордук аура көп кездешет, мисалы, сезүү аурасында адам денесинин айрым жерлеринде өзгөчө сезим (ооруксунуу, чымыроо, муздоо) туят.
Көрүү аурасында жаркырак түстөр, жарыктын чагылуусу көрүнөт. Угуу арасында түрдүү үндөр, ызы-чуу сезилет.
Жыт аурусында бөтөнчө түтүндүн, жыпар заттын, чирик жыттанат.
Висцералдык аура — ички органдардын аурасында жүрөк тез согот, ачка болуу же заңдагысы келүү сезими пайда болот.
Кыймыл аурасында (стереотип) башы калчылдап, көз алаңдайт, айрым булчуңдар тырышат; секреция аурасында адам тердейт, көзүнөн жаш агат; вазомотордук аурада бет кызарып, албырат.
Психикалык аура өтө кайгыруудан, коркуудан болот.
Чанда аура талмасыз өтөт.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8