Истерияневроздор тобуна кирүүчү нерв-психикалык оору.

Истерия психикалык травманын негизинде болот. И. П. Павлов Истериянын пайда болушун жогорку нерв ишинин тормоздоо процессине козголуу процессинин жана биринчи сигналдык системанын үстөмдүк кылышы (экинчиге караганда) деп түшүндүргөн. Истерияда нерв системасы, психика жана ички органдардын функциясынын бузулушу мүмкүн. Истериянын белгилери оорулуунун кызыкчылыгына байланыштуу болуп, турмуштун кыйын учурунан чыгып (кутулуп) кетүүгө шарт түзөт.

Истериялык талма психикалык травма алганда же аны эстегенде болот. Бул учурда акыл-эси толук жоголбойт, ошондуктан талмадагыдай оорулуу бир жерин жабыркатып албайт, тишин кычыратпайт. Эгерде оорулууну жалгыз таштап койсо, талма тез тарайт. Оорулуунун акыл-эси бузулуп, туталанып, психикасын жабыркаткан ситуация көзүнө элестей берет. Кээде акыл-эси бузулат. Оорулуу кичинекей баланы туурап, чыйылдап сүйлөп, чырланып, оюнчук менен алаксыйт, өңүн бузат. Айрымдар (көбүнчө кылмышкерлер) кем акыл өңдөнүп көрүнүп, манжаларын санай албайт, көзүнүн жана чачынын түсүн билбейт, белгилүү -эле буюмду тааныбайт. Айрым учурда сезүү органдары бузулат. Ооруну сезүү күчөйт, кээде сезбей калат, убактылуу сокур, дүлөй болуп, жөөлүп, калчылдайт. Жүрөк-кан тамыр системасы, дем алуу жана башка органдары бузулат. Кээде шал болгонсуп жатып калат, тилин чайнабайт, окшуп кусат, эти ысышы, ичи өтүшү мүмкүн.

Мүнөздүн Истериялык өзгөрүшүнө өтө эмоциялуу киши туш болот. Алар бир аз себеп болсо эле ыйлап, каткырып күлүп, кийимин тытып, кыйкырып, чаап жибериши да мүмкүн. Алар өтө ишенчээк болот, дайыма өзүнө көңүл буруп турууну талап кылат. Истерияны психотерапиялык жол менен дарылайт. Дары физиотерапия, санаторий, курортто дарылоо менен айкалыштырылат. Баарыдан мурда психиканы жабыркатуучу таасирди жоготуу зарыл. Алдын алууда бала күнүнөн өзүмчүл кылбай, өтө эркелетпей туура тарбиялоонун, организмди чыңдоонун мааниси чоң.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8