Ауэзов Муктар Омархан уулу (казакча: Muhtar Omarhanuly Áýezov, Мұхтар Омарханұлы Әуезов, орусча: Мухта́р Омарханович Ауэ́зов)[16 (28). 9. 1897, Семей облусу, Абай району, Аркат айылы - 27. 6. 1961, Москва шаары, сөөгү Алматыга коюлган] – казак элинин жазуучусу, илимпоз, көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмери. Казакстан ИАсынын академиги (1946), филология илимдеринин доктору, профессору (1946). Семейдеги мугалимдер семинариясын (1919). 1923-28-жылдары Ауэзов Ташкендеги Орто Азия мамлекеттик университетинде, Ленинград университетинде окуп, филология факультетин бүтүргөн. 1928-30-жылдары Орто Азия университетинин аспирантурасында окуган.
Туңгуч чыгармасы «Эңлик-Кебекти» 1917-жылы жазган. Пьесада феодалдык-уруучулук түзүлүштүн курманы болгон эки жаштын трагедиялуу махабаты баяндалат. Айрым идеялык-көркөмдүк кемчиликтерине карабастан, «Эңлик-Кебек» автордун чыныгы талант ээси экендигин айгинелеген. «Коргоосуз калгандардын тагдыры» (1921), «Ким айыптуу?» (1923), «Каралуу сулуу» (1937) сыяктуу 20дан ашуун пьесалары жарыяланган. Ауэзовдун алгачкы эле аңгеме, повесттеринен анын орус жана европа адабияты менен казак элинин көркөм адабий салттарын айкалыштыра билгени, бийик жазуучулук маданият, социалдык баамчылдык, эпикалык чабыты таасын көрүнгөн. Ауэзов көркөм чыгармачылык менен бирге, илимий майданда белсенип иштеп, казак жана боордош элдердин адабиятынын маанилүү маселелери боюнча бир нече илимий сын макала жазган. Орус жана дүйнөлүк классиктердин (У. Шекспир, А. С. Пушкин, И. А. Тургенев, Н. В. Гоголь, М. П. Погодин) чыгармаларын казак тилине которгон. Л. Соболев менен бирге «Абай» аттуу трагедиясын жазган (1940). Бул тарыхый чыгармада Абай өмүрүнүн соңку жылдарына кайрылып, улуу акындын трагедиялуу тагдырын көрсөтөт. Ауэзовдун талантынын гүлдөгөн мезгили «Абай жолу» роман-эпопеясын жараткан жылдарга туш келет.

Романдын 1-2-китеби (1942-47) СССР мамлекеттик сыйлыктын (1949), 3-4-китептери (1950-56) Лениндик сыйлыгына (1959) арзыган. Бул роман-эпопеяда улуу акын Абай Кунанбаевдин татаал өмүр жолу казак элинин Октябрь революциясына чейинки коомдук турмушунун социалдык-саясий жана нравалык конфликттери менен элдин аң-сезиминде болгон өзгөрүү процесстери менен тыгыз байланышта сүрөттөлөт. Бул романды жаратууда Ауэзов көп изденет. Анын достору, бала-бакырасы, небере-чөбөрөлөрү менен аңгемелешүүгө туура келет. Абайдын байбичеси Дилде өтө карып калгандыгына карабастан, ошондой эле сүйгөн жары Айгерим көп маалымат беришкен. Өз чоң атасы - Ауэздин досу Абай тууралуу айтып бергендери, Абайдын «Абай жолу» тарыхый роман-эпопеясы Ч. Айтматовдун сөзү менен айтканда биздин көркөм жана социалдык энциклопедиябыз, жалпы «мандатыбыз». Ал 250 томдук «Дүйнөлүк адабият китепканасында» орун алган. Чыгарма идеялык-эстетикалык күчү жагынан улуу классиктерге мүнөздүү чеберчилик менен жазылган. Романда классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясы түзүлгөн. 30дан ашуун дүйнө тилдерине которулган. Ауэзов өмүрүнүн акыркы жылдарында адабияттын башка жанрларында да жемиштүү эмгектенди. «Алтын шакек», «Асыл насилдер», «Майдан», «Акын элинде», «Түштүк очерктери», «Индия очерктери», «Америка таасирлери» жана башкаочерк, аңгемелерин жараткан. «Ак кайың» (А. Тажибаев менен бирге), «Бекет» (1939), «Сыноо сааты» (1942), «Каракыпчак Кабыланды» (1942-44) пьесаларын жазган. Ауэзовдун адамдардын эмгегин, күрөшүн, жаңы рухий дүйнөсүн, улуттар арасындагы достук мамилелерди кеңири көрсөтүүнү максат кылган жаңы эпопеясынын 1-китеби - «Өскөн өркөн» романы өзү дүйнөдөн кайткандан кийин (1962) жарыкка чыккан.

Чыгармачылык жолун 1917-ж. “Эңли-Кебек” аттуу пьеса жазуудан баштаган, өмүр жолунда көптөгөн аңгеме, очерк, повесть, драма, роман ж. б. жаратып, бай мурас калтырган. Айрыкча анын “Абай жолу” аттуу төрт бөлүмдөн турган роман-эпопеясы (1955–65) дүйнө элдеринин көп тилдерине которулуп, жазуучуга зор атак-даңк алып келген. Ауэзовдун ысымы көрүнүктүү окумуштуу катары да илим дүйнөсүнө кеңири белгилүү. Ал казак адабияты боюнча алгачкы окуу китептеринин авторлорунун бири, анын калеминен казак жана СССР элдеринин адабияттарынын тарыхы менен теориясына арналган ондогон эмгектер жаралган.

Ауэзов өз өмүрүндө кыргыз элинин белгилүү интеллигенттеринин, айрыкча биринчи муундагы белгилүү жазуучулардын дээрлик баары менен тыгыз байланышта болуп, таттуу алакада жүргөн. Чыгармачылыгына баалуу пикирлерди айтып, керек учурда жөлөк-таяныч болгон. Кыргыз жазуучу-акындары да анын кеп-кеңештерин жогору баалап, урмат-сый менен мамиле кылышкан. Ч. Айтматовдун келечектүү талант экендигин алгачкылардан болуп көрө билип, колдоо көрсөткөн. А. 20-жылдардан тартып эле кыргыз жергесине көп каттап, кыргыз фольклоруна, адабиятына кызыгып, айрыкча "Манас" эпосун изилдөөгө чоң салым кошкон. Ауэзов Ленинград университетинде окуп жүргөндө Кыргызстанга келип, ошол кезде кагаз бетине түшүрүлгөн Сагымбай манасчынын варианты менен кеңири таанышып чыккан. Ошондон тартып “Манас” проблемаларына бир нече жолу кайрылган. Көптөгөн жылдарга созулган изилдөөсүнүн жыйынтыгын “Киргизская народная героическая поэма “Манас” аттуу көлөмдүү изилдөөсүндө корутундулап берген. Окумуштуунун бул фундаменталдуу эмгеги манастаануу илиминде бүгүн да өзүнүн терең маанисин сактап келүүдө. Эмгек Ауэзовдун 1959-ж. жарыяланган “Мысли разных лет” аттуу жыйнагында биринчи жолу жарык көргөн. О. эле “Манас” эпосуна атайын арналып, Москвада басмадан чыккан “Киргизский героический эпос “Манас” аттуу жыйнакка киргизилген. А. бул улуу эстеликти жараткан, өстүрүп-өнүктүргөн, укумдан-тукумга өткөрүп сактап келген манасчыларга тиешелүү жалпы маалыматтарды ошол көркөм сөз өнөрчүлөрдүн чыгармалык өзгөчүлүктөрүн талдоого алат, Келдибектен баштап, Балык, Найманбай, Акылбек, Тыныбек, Сагымбай, Саякбай ж. б. белгилүү жомокчулардын өмүр-жолуна, өнөр ээси катары өзгөчөлүктөрүнө, манасчылык кесиптеги түш көрүү, үйрөнүү, мектеп ж. б. маселелер боюнча илимий баалуу пикирлерин ортого салган. Эмгектин “Поэманын мазмунуна кыскача талдоо” деген темадагы экинчи бөлүгүндө чыгарманын негизин түзгөн окуяларга токтолот, сюжеттик нукту 6 чоң темага бөлүп, ар бирин талдоого алып, мүнөздөмө берет. “Манас” эпосуна тиешелүү көп талаш-тартыштарды туудурган маселе чыгарманын пайда болуш доору. Ауэзов эмгегинде бул проблемага кеңири токтолуп, өз ойлорун иштин 3-бөлүмүндө “Манас” эпосунун пайда болуу доору жөнүндө” деген темада берген. Ауэзовдун пикири боюнча эл тарыхы менен тыгыз байланышта жаралган жана өсүп-өнүккөн “Манас” эпосу өз мазмунунда кыргыздардын тарыхы жолундагы көптөгөн урунттуу учурларын сактоо менен негизги өзөгү 840-жылдан кийинки окуяларга таандык, б. а. анын жаралышына 1110 жыл болду дешке мүмкүн деп эсептейт. Эмгектин төртүнчү бөлүгүндө “Манас” эпосундагы мүнөздөр м-н образдар, ал эми акыркы 5-бөлүгүндө чыгарманын көркөм ыктары талдоого алынган. Ауэзовдун кыргыз элине, анын маданиятына, “Манас” эпосуна кандай зор урматтоо менен мамиле кылганынын таасын далилин “Манастын” бар же жок болуу маселеси күн тартибине коюлганда (1952) жалпы союздук илимий конференцияга москвалык окумуштуулардын делегациясынын курамында келип катышып, сөз сүйлөп, ага арачы болуу далалатынан да көрүүгө болот. Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Ауэзов өзү “Манасты” изилдеп үйрөнүү ишине 30-жылдын башынан киришкенин, кийин ал иши бир нече жолу толукталганын айтып, ал кезде колдогу жалгыз вариант С. Орозбаковдон жазылган тексттер болгондуктан ошого таянып жыйынтык чыгарганын, изилдөөлөрүндө мурда айрым туура эмес корутундулар да орун алганын, эпосту изилдөө боюнча жүргүзүлгөн көп жылдык тажрыйбасына негизденип, эпос элдик чыгарма деген ишенимге келгенин айтат жана “Манас” кыргыз элине керек, элдикин элдин өзүнө берүү зарыл деген кеңеш берет. Ауэзовдун көркөм чыгармаларынан “Абай жолу” роман-эпопеясы “Караш-Караш окуясы” повести, айрым аңгемелери, илимий эмгектери кыргыз тилине которулуп жарык көргөн.

Ауэзов дүйнөлүк көркөм процесс менен жеткиликтүү тааныштыгы бар ири илимпоздордун бири болгон. Ал орто кылымдагы Күн чыгыш классикасы, казак фольклору жана профессионал адабияты, 19-кылымдагы орус классикасы, Батыш адабияты, көркөм котормо маселелери боюнча өзүнүн баалуу ойлорун ортого салып келген. Анын илимий изилдөөлөрү, сын макалалары «Ар жылкы ойлор» (1959) китебине кирген. Ауэзов кыргыз адабиятынын тагдыры үчүн дайыма кам көрүп, кыргыз жазуучуларына өрнөк көрсөтүп келген. Улуу «Манас» эпосун изилдөөгө арналган эмгеги бүткүл союздук илимпоздор чөйрөсүнө кеңири белгилүү. Ошондой эле «Караш-караш окуясы» повести, аңгемелери жана илимий эмгектери кыргыз тилинде жарык көргөн. Ауэзов Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган дабияттар.Оңдоо

Интернеттеги шилтемелерОңдоо