Африка оюндары – Эл аралык Олимпиялык комитеттин колдоосу менен өтүүчү регионалдык оюндар. Африка элдеринин спорттук мелдештери. «Биримдик жана ынтымактык» деген ураан менен 1965-жылы уюштурулган Африкадагы Жогорку спорт кеңеши өткөрөт. Африка оюндарынын программасына баскетбол, волейбол, гандбол, бокс, күрөш, теннис, велоспорт, дзюдо, жеңил атлетика, сууда сүзүү жана футбол кирет. А Африка оюндары 1965-2003-жылга чейин 8 жолу өткөрүлгөн: 1965 (Бразаввиль шаары, Конго), 1973 (Лаос шаары, Нигерия), 1978 (Алжир шаары, Алжир), 1987 (Найроби шаары, Кения), 1989 (Йоккансбург шаары, ТАР), 1991 (Каир шаары, Египет), 1995 (Хараре шаары, Зимбабве), 2003 (Абуджа шаары, Нигерия).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1