Ахалтеке жылкысы

жылкы тукуму

Ахалтеке жылкысы — эң байыркы миңги жылкынын бири. Түркмөнстанда элдик селекция жолу менен чыгарылган. 17-кылымда эле түркмөн жылкылары миңги жылкы катары көп өлкөгө алып келинген. Көп кылым бою Ахалтеке жылкысынан башка жылкыга аралаштырбай өз алдынча тандоо жолу менен сапаты улам жакшыртылып келген. Ахалтеке жылкысы өтө сындуулугу менен айырмаланат. Күлүк, кургакчылыкка, ысыкка чыдамдуу. Башы салыштырмалуу кичине, мойну узун, ичке, өркөчү бийик, бели узун, көөдөнү кууш, соорусу салыңкы, териси жука. Айгырынын ыйык жалынын бийиктиги 154 см (бээсиники 152 см), дене узундугу 154 см, көкүрөк курчамы 165—167 см, шыйрагынын жоондугу 19 (18) см. Өңү тору, көк, аккула, кара, карагер, күрөң. Кунан кезинде 1000 м аралыкты 1 мин 07 секда, бышты кезинде 1200 мди 1 мин 19 секда, 2000 мди 2 мин 15,6 секда, асыйдан ашкандары 2400 мди 2 мин 44 секда, 4800 мди 6 мин 01 секда чуркап өтөт. Ал Түркмөнстанда, Казакстанда, Өзбекстанда асыралат. Кыргызстанда кыргыз жаңы жылкысын жакшыртууга пайдаланылууда.

Ахалтеке жылкысы
Ахалтеке жылкысы

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1