Түркмөнстан (түркм. Türkmenistan) — Орто Азияда жайгашкан түрк мамлекеттердин бири. 1991 жылга чейин Советтер Союзунун мүчөсү болгон жана Түркмөн Советтик Социалистик Республикасы деп аталып жүргөн. Ал түштүк-чыгыш тарабында Ооганстан менен чектешет, түштүк жана түштүк-батыш тарабында Иран менен, Өзбекстан менен чыгышта жана түндүк-чыгышта, Казакстан менен түндүктө жана түндүк-батышта жана батышта Каспий деңиз менен. Деңизде ал Азербайжан, Армения, Грузия жана Орусия менен чектешет.

Түркмөнстан
түркм. Türkmenistan

Герб
Туу Герб
Гимн: «Эгемендүүлүк, бейтарап Түркмөнстандын мамлекеттик гимни»
Түркмөнстан дүйнөлүк картасында
Эгемендүүлүк күнү 27-октябрь 1991-ж.

Кеңештер Бирлигинен)

Расмий тили түркмөнчө
Борбор шаары Ашхабад
Ири шаарлар Ашхабад, Түркмөнабад, Дашогуз, Мары, Балканабад, Байрамали
Башкаруу формасы президенттик республика
Президент Сердар Бердымухамедов
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
53 - дүйнөдө
488 100 км²
4,9
Калкы
• Бааланган (2020)
Жыштыгы

6,031 млн адам (113)
12.8 ад./км²
ISO коду TM
ЭОК коду TKM

Совет доорунан кийин көп убакыттан бери – 15 жыл – мамлекетте бир партиялык система болду[1] жана анын өзгөрбөгөн башчысы Сапармурат Ниязов болду. Ал өзүн өмүргө калган президент кылып, Сапармурат Түркмөнбашы (түркмөндөрдүн атасы) деп атап койгон. Сапармурат Ниязов 21 декабрьдын 2006 жылында кызыктай бир себептерден каза болгон. Расмий түрдө ал жүрөктүн жетишсиздигинен өлдү деген маалымат таратылган.

Ал өлгөндөн кийин, президенттин милдетин аткаруучусу вице-премьер-министр, Сапармурат Ниязовдун тиш доктуру Гурбангулы Бердымухамедов болду.

2007 жылдын 11 февралында эгемендик Түркмөнстан тарыхында экинчи гана президенттик шайлоо болду. Анда президенттин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердимухамедов болду.

Саясий түзүлүшү

түзөтүү

Түркмөнстан — динден тышкары мамлекет. Башкаруу формасы — президенттик республика. Өлкө башчысы — президент.

Совет доорунан кийин көп убакыттан бери – 15 жыл – мамлекетте бир партиялык система болду[1] жана анын өзгөрбөгөн башчысы Сапармурат Ниязов болду. Ал өзүн өмүргө калган президент кылып, Сапармурат Түркмөнбашы (түркмөндөрдүн атасы) деп атап койгон. Сапармурат Ниязов 21-декабрьдын 2006-жылында кызыктай бир себептерден каза болгон. Расмий түрдө ал жүрөктүн жетишсиздигинен өлдү деген маалымат таратылган.

Ал өлгөндөн кийин, президенттин милдетин аткаруучусу вице-премьер-министр, Сапармурат Ниязовдун тиш доктуру Гурбангулы Бердымухамедов болду.

2007-жылдын 11-февралында эгемендик Түркмөнстан тарыхында экинчи гана президенттик шайлоо болду. Анда президенттин милдетин аткаруучу Гурбангулы Бердимухамедов президент болуп шайланды.

Закон чыгара турган орган — Межлис (125 мүчө). Депутаттар бир мандаттык аймактардан беш жылга шайланат. Межлистин иш-билгилиги — закондорду кабыл алуу, Конституцияны кабыл алуу жана өзгөртүү. 2013-жылга чейин өлкөдөгү бир эле легалдуу саясий партия Межлисте көрсөтүлгөн — Түркмөнстан демократиялык партиясы.

Тарыхы

түзөтүү
  • III жана II миң жылдыктарда б з. ч. Түркмөнстандын азыркы аймагында Маргиан цивилизациясы жайгашкан.
  • VI—IV кылымдарда б. з. ч. Ахемениддер династиясынын падышаларынын, кийин Искендер 3улкарнайндын бийлигинде болгон.
  • III кылымда Парфян падышалыгынын курамында (борбор шаары — Ниса), кийин Сасанийлер мамлкетинин курамында болгон.
  • V—VIII кылымдарда аймакты ак гунндар, арабдар басып алган. 776—783-жылдары Муканна жетектеген араб бийлигине каршы чыккан көтөрүлүшкө жергиликтүү эл катышкан.
  • IX—X кылымдарда Тахирлер, Саманийлер мамлекеттеринде.
  • XI кылымда Түркмөнстандын аймагын огуздар басып алып, жергиликтүү перстер менен аралашып түркмөн этносу жаралат. XI—XIII кылымдарда алгачкы Селжуктар түркмөн мамлекети түптөлөт, борбору — Мерв шаары болгон.
  • XIII кылымдын башында Түркмөнстан Хорезмшахтар Мамлекетинин курамына кирет.
  • Ошол эле кылымда моңголдор басып алат, кийин Ильхандар мамлекетинин курамына, андан соң Тимурийлер мамлекетинин курамына кирет.
  • XVI—XVII кылымдарда Хива жана Бухара хандыктарынын курамында.
  • 1869—1885 жж. Түркмөнсандын азыркы аймагы Орусияга кошулат (Закаспий облусу).
  • 1917-жылдын ноябрь—декабрь айларында Совет бийлиги орнотулган. 1921-жылдын 7-августунда Түркмөнстандын аймагынын негизги бөлүгү Түркстан АССРнин курамына Түркмөн облусу катары кирген. 1924-жылдын 27-октябрында Түркмөн ССР болуп негизделген.
  • 1948-жылдын 6-октябрында Ашхабадда жер титирөө болуп, 60 миңден 100 миңге чейин адам каза тапкан.
  • 1990-жылдын октябрь айында Түркмөн ССРнин Жогорку Кеңеши республиканын президентинин кызмат ордун негиздеген.
  • 1991-жылдын 26-октябрында Түркмөнстандын эгемендүүлүгү жөнүндө референдум өткөрүлгөн. Референдумду Түркмөн ССРнин 93% жараны колдогон. Кийинки күнү республиканын Жогорку Кеңеши эгемендүүлүк жөнүндө Декларациясын кабыл алып, Түркмөнстан деп өлкөнүн жаңы атын бекиткен.

Башқа шилтемелер

түзөтүү
  1. 1.0 1.1 бир партиялык система (Англисче)(жеткиликсиз шилтеме)