Ахметов, Төлөндү (Тынай) (1938–1993) - жазуучу, котормочу. Чүй районуна караштуу Кызыл-Аскер айылында 1938-жылы 12-сентябрда туулган.

1964-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, 1973-жылы Кыргыз ССРинин ИАсынын аспирантурасын бүтүргөн.

1964–1966-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1966-жылдан КирТАГда корректор, Кыргызмамархивде илимий кызматкер, Кыргыз ССРинин ИАсынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, «Ала-Тоо», «Жаш ленинчи» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуп иштеген. 1979-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор болуп эсептелген.

«Сагыныч» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы 1969-жылы чыккан. Ал кыргыз прозасынын өнүгүш көйгөйлөрүнө арналган бир катар адабий сын макалалардын автору. Т.Ахметов Е. Носовдун, И.Зиедонистин, Н.Ермоловичтин ж.б. чыгармаларын, 500дөн ашык фильмдердин тексттерин которгон. 1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Сагыныч: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1969.

Кез ушул : Баян. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 176 б.


Котормолору түзөтүү

Носов Е. Где просыпается солнце?: Рассказы. – Ф.: Мектеп, 1983. – 36 б.

Зиедонис И. Разноцветные сказки. – Ф.: Мектеп, 1985. – 76 б.

Ермолович Н. Дорога солдата. – Ф.: Мектеп, 1986. – 36 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү