Ахметов Төлөндү (Тынай) (1938–1993) - жазуучу, котормочу.

Төлөндү Ахметов Чүй районуна караштуу Кызыл-Аскер айылында 1938-жылы 12-сентябрда туулган.
1964-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, 1973-жылы Кыргыз ССРинин ИАсынын аспирантурасын бүтүргөн.
1964–1966-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1966-жылдан КирТАГда корректор, Кыргызмамархивде илимий кызматкер, Кыргыз ССРинин ИАсынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, «Ала-Тоо», «Жаш ленинчи» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуп иштеген.
1979-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор болуп эсептелген.
«Сагыныч» аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы 1969-жылы чыккан. Ал кыргыз прозасынын өнүгүш көйгөйлөрүнө арналган бир катар адабий сын макалалардын автору.
Т.Ахметов Е. Носовдун, И.Зиедонистин, Н.Ермоловичтин ж.б. чыгармаларын, 500дөн ашык фильмдердин тексттерин которгон.
1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Жарык көргөн китептери:
Кыргыз тилинде

  • Сагыныч Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1969.
  • Кез ушул Баян. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 176 б.

Котормолору

  • Носов Е. Где просыпается солнце?: Рассказы. – Ф.: Мектеп, 1983. – 36 б.
  • Зиедонис И. Разноцветные сказки. – Ф.: Мектеп, 1985. – 76 б.
  • Ермолович Н. Дорога солдата. – Ф.: Мектеп, 1986. – 36 б.