Ахна, урук
Ахна уругу - Каратегиндеги муңгуштардын курамындагы уруктун аталышы[1].
Этноним
түзөтүүЭтнонимдин адепки формасы “ухна” болуусу мүмкүн.
Ухна - монголчо “теке”, “талаа эчкиси” маанисин түшүндүрөт[2]. Бул термин бүгүнкү бурят-монгол тилдеринде “огоно” түрүндө да айтылат. А.М. Щербак бул терминдин кыргыз тилинде “она” формасында календарлык айлардын аттары - баш оона, аяк оона катары сакталып калганын белгилейт. Этнонимдин чыгыш теги тотемдик түшүнүккө байланыштуу экендигин анын жылдын ай аталыштарында сакталышы да бышыктайт.
Охна - Кадамжай районунданы ири айылдын аталышы катары маалым.
Эскертүүлөр
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 б. ISBN 9967-21-621-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|