Ахунбаева Нелли Исаевна (1937-жылы туулган, Фрунзе) - хирург, медицина илимдеринин доктору (1972), профессор (1974). КММИни бүтүргөн (1960). Пржевальск шаардык (азыркы Каракол) ооруканасынын хирургу (1960-61), көкүрөк хирургия бөлүмүнүн ординатору (1961-64), КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын ассистенти (1964-72), доценти, КММАнын кафедра башчысы (1984-90). КРСУнун хирург. оорулар кафедрасынын профессору (1995). КРнын эмгек сиңирген врачы, академик Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты (1996). Жалпы хирургия жана көкүрөк хирургиясы боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинен 8 монографиянын автору. Илимий эмгектери: Эхинококкоз легких и его хирургическое лечение (в соавторстве). Ф., 1976; Проблемы горноймедицинской экологии Кыргызстана (в соавторстве). Б., 2000.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1