Тарыхчиев Ахун (1903-жылдары азыркы Базар-Коргон району, Кыргыз Гава кыштагы — 1992, Кызыл-Ай кыштагы) - колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948) 1939-жылдан КПСС мүчөсү. 1930-ж-биринчилерден болуп колхозго өтүп, аны чыңдоого активдүү катышкан. Ошол эле жылы «Кыргыз-Гава» колхозунун председатели болуп шайланган. Анын жетекчилиги менен чарбанын экономикасы бир кыйла чыңдалып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү көбөйгөн, малдын саны жана анын тунардуулугу арткан. 1947/1948-жылы жылкычы болуп иштеп, 50 бээден 50 кулун алган жана жыл аягына чейин аман асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.

Сыйлыктары түзөтүү

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, медалдар жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү