Ацидофилдүү сүт - уютулган диета азыгы.

Ал, карындагы кислота азайганда, ичеги, боор жана уйку бези сезгенгенде, дары катары колдонулат. Ацидофилдүү сүт уйдун пастеризацияланган сүтүнө таза ацидофил бактериясын кошуп, 40-42° температурада уютулуп, мамлекеттик сүт ишканаларында же чарбанын сүт лабораториясында чыгарылат. Ацидофилдүү сүт мал чарбасында-төлгө профилактикалык максатта, музоого 12 күнгө чейин, адегенде 50-100 г дан, андан кийин 700-1000 г дан берүүгө болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.