Ачакей-жумакей
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.
Оюнда колдонуучу аспаптар. Чүкөлөр.
Оюнга даярдануу
түзөтүүКатышуучулардын бирөө кимисинин кезегин аныктоо үчүн, оюнчулардын сакына жараша чүкөмдү колуна алып, аларды жерге чачып ыргытат. Кимдин чүкөсү «айкүр» болуп түшсө, ал баштайт. «Таа» түшкөн чүкөнүн ээсинин кезеги экинчи болот. Калган оюнчулардын кезеги дагы ошентип аныкталат.
Оюндун баяны
түзөтүүАр кимдин кезеги аныкталгандан кийин, ойноло башталат, Ыргытылган чүкө «айкүр» болуп түшсө, анын ээси «жумакей» деп бир колунун баш бармагы жана сөөмөйүн жумушат, ал оюнчу 2 упай (очко) алат. Эгерде чүкө «таа» болуп түшсө, анын ээси «жумакей» деп баш бармагын жумат. Эгерде чүкө «чик» же «бөк» болуп түшсө оюндун кезеги, кезектеги оюнчуга өтөт. Манжалардын бардыгы жумулгандан кийин, кайра чыпалактан баштап манжаларды «ачакей» деп түздөй баштап, 10 упай алгыча оюн ойнолот. Биринчи 10 упайды алган адам жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүОюндун кезегин бузууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, утулган оюнчуларга кайрадан оюнду баштоого болбойт.
Методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны кеп болсо, аларды топторго бөлүп ойнотууга болот, оюн өткөрүлчү жер түз болушу керек.
Педагогикалык мааниси
түзөтүүКол менен кыймылдарды так аткарууга, адеп-ахлактуулукка тарбиялайт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүБул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|