Ача-Кайыңды мөңгүсүАт-Башы кырка тоосунун түндүк капталындагы төр тибиндеги мөңгү. Узундугу 2,9 км, аянты 3,4 км2. Атбашы кырка тоосунун эң бийик чокусу Желтегирмендин (4786 м) батыш капталында (Тээк төрүндө) орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4520 м, этеги 3600 м. бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3990 м. Мөңгүнүн «тилинен» 200 м тике ылдый чакан бөгөт көл жатат. 1939-ж. көл бузулуп, сел жүргөн. Мөңгүдөн Ача-Кайыңды суусу (Ат-Башынын сол куймасы) башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү