Ачкачылык оюндары : Таранчы-туурамчы. 2-бөлүм

"Ачкачылык оюндары:Таранчы- туурамч. 2- бөлүм" (англ. The Hunger Games: Mockingjay – Part 2, орус. Голодные игры: Сойка-пересмешница. Часть 2) -2015-жылы тартылган америкалык антиутопиялык илимий-фантастикалуу жоруктуу тасма. Тасманын режиссёру Фрэнсиз Лоуренс жана сценарийин Питер Крейг жана Дэнни Строң жазышкан. Бул "Ачкачылык оюндары" тасмаларынын төртүнчү жана акыркы чыгарылышы болуп саналат. Тасма Сүзан Коллинс жазган "Ачкачылык оюндары" үчилтигинин акыркысы жана "Таранчы-туурамчы" романына негизделип тартылган. Тасмада Женнифер Лоуренс, Жош Хатчерсон, Лиам Хэмсворт, Вуди Харрэлсон, Элизабет Бэнкс, Жулиан Мур, Филип Сеймур Хоффман (тасмадагы акыркы ролу) жана Доналд Сузерленд тартылышкан.

Экинчи бөлүмдү киносынчылар жылуу кабыл алышкан жана андагы актерлордун аткаруусуна, сценарийине, экшндин ырааттуулугуна баа беришкен. Бирок адаптациянын акыркы бөлүмүн экиге бөлгөндүгү үчүн сынга алынган. Тасма 42- "Сатурн сыйлыгынын" "Эң мыкты фэнтези тасма" наамына көрсөтүлгөн.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү