Ачуу мыя (Горчак обыкновенный) - өтө күчтүү алколоид, уу.

Дары жасоо үчүн ал гүлдөгөндө чогултуп, көлөкөдө кургатат. Майдалап бир чымчымын 2 л сууга салып, 100 г бал кошуп, 10 мүнөт кайнатып бир күн тундуруп, сүзөт. Муну боор, каратак, ашказан, ичеги-карын ооруларына тамактангандан кийин күнүгө 3 жолу 2 ай ичет.

Данынын бир чымчымын кайнаган сууга чай сыяктуу жарым саат демдеп коюп, күнүгө бир аш кашыктан тамактанаардан жарым саат мурда ичсе, адамдын көңүлүн көтөрүп, сергитип, тамакка болгон табитин ачат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9