Ачылма көпүрө - кемелерди өткөрүүдө таяныч аралыгынын ортосундагы бөлүктөрү ачылып-жабылуучу көпүрө.

Ачылма көпүрөнүн бир же эки жакка ачылма, өйдө көтөрүлмө, тегеренип ачылма жана жылдырылып ачылма түрлөрү бар. Ачылма көпүрө бир же эки канаттуу болот. Бир канаттуу көпүрөдө ачылуучу бөлүгү горизонталдык ок боюнча бир жакка, эки канаттууда эки жакка ачылат. Мындай көпүрөлөрдүн ачылып-жабылып туруучу бөлүктөрүн теңдеш үчүн анын артына тең салмактоочу жүктөр орнотулат. Бир канаттуу Ачылма көпүрөлөрдүн аралыгы 79 м ге, эки канаттуулардыкы 102 м ге жетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.