Ашкал-Төпе - коло доорундагы турак жай урандысы.

Анжиян облусундагы Кара-Дарыя суусунун сол жээгинде. Аянты 320x400 м. Ашкал-Төпеден турак жай калдыгы, очок, ар кандай оймо-чийме түшүрүлүп сырдалган чопо идиш аяктар табылган. Калкынын негизги чарбачылыгы дыйканчылык болгон. Ашкал-Төпе эстеликтери чуст маданиятына таандык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.